30

Апрель

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ереван шаарына келди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ереван шаарына (Армения Республикасы) келди.

Ереван шаарынын аэропортунан Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Маалымдама: Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамына:

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков; - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Джекшенкулов; - Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов; - Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялык жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык кызматташуу бөлүм башчысы Айбек Айдарбеков; - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев кирген.

[su_carousel source="media: 132448,132449,132450,132451,132452" limit="23" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"] [/su_carousel][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү