30

Апрель

2019

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны башталды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.

Карен Демирчян атындагы спорттук-концерттик комплексте өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын баштоо алдында делегация башчыларынын бирге сүрөткө түшүүсү болду.

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саргсян тар чөйрөдөгү жыйынды ачып жатып баса белгилегендей, бүгүн кеңешти өнүктүрүү боюнча концептуалдык маселелерин, анын ичинде «Өнөр жай кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялар трансферлеринин Евразия түйүнү» долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуунун катышуучуларынын пикирлерин угуу зарыл.

Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчыларынын катышуусундагы кеңештин жыйыны учурда тар чөйрөдө өтүп жатат. Андан соң расмий делегациялардын мүчөлөрүнүн катышуусундагы кеңири курамда уланат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине жалпысынан интеграциялык биримдиктин алкагында көп жактуу кызматташуунун абалына жана аны кеңейтүүгө тийиштүү 13 маселе коюлган.

 [su_carousel source="media: 132476,132475,132477,132478,132479,132480" limit="23" link="image" title="no"]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү