28
Март
2019
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен кызматташуунун актуалдуу темаларын талкуулады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар биргелешкен кызматташуунун актуалдуу темаларын, ошондой эле Кыргызстандын газ тармагын мындан ары карай өнүктүрүү, газ менен камсыздоо объекттерин модернизациялоо жана аймактарды газдаштыруу боюнча компаниянын пландарын талкуулашты.
Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, бул жолугушуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алдында өтүп жатат, анын алкагында бир катар келишимдерге, анын ичинде «Газпром» ААК менен келечектүү кызматташуу боюнча келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.
Премьер-министр баса көрсөткөндөй, компания өлкө үчүн ири инвестор катары гана эмес, анын көптөгөн социалдык маселелерин дагы чечүүдө. Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, кыргыз тарап биргелешкен кызматташуунун алкагында жаңы долбоорлорду талкуулоого жана ишке ашырууга даяр.
«Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер эскерткендей, компания өлкөнүн ички рыногуна кирүүдө беш жылдын ичинде 20 млрд рубль инвестиция салууга милдеттенген. Анын айтымында, бүгүнкү күнү «Газпром» ААК инвестицияларынын жалпы суммасы 26,5 млрд рублди түзөт.
Ошондой эле Алексей Миллер «Газпром балдарга» социалдык долбоорунун ийгиликтүү ишке ашуусун белгиледи, анын алкагында Кыргызстандын аймактарында тогуз заманбап дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплекстер курулган.
Тараптар өлкөнүн газ бөлүштүрүү чөйрөсүнө инвестиция салуу боюнча компаниянын мындан аркы пландарын кеңири талкуулашты жана келечектүү жемиштүү кызматташууга өз ара даярдыктарын билдиришти.
[su_carousel source="media: 131281" limit="66" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү