16

Июль

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Ачык Өкмөт» Саммитине катышуу үчүн Грузияга келди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июлда, Тбилиси шаарына (Грузия Республикасы) «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин 5-чи Саммитине катышуу үчүн келди. 

Сапардын алкагында Премьер-министр ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүп, Грузиянын мамлекеттик башкаруу тутумун, салык, бажы тармактарын реформалоо боюнча жана башка тажрыйбалары менен таанышат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери кирген.

[su_carousel source="media: 120102,120103,120104,120105,120106,120107" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү