18

Август

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун даярдыгын текшерди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-августта, Ысык-Көл облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун даярдыгын текшерди.

Өкмөт башчы административдик корпустун имаратын жана ипподромдун трибуналарын карап чыкты.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдиргендей, ипподромдо аяктаган иштерден тышкары трибуналардын алдына прожекторлор үчүн консолдорду орнотуу менен кошумча жарык берүү орнотулуп, спортчулар жана делегациялар үчүн аянтчанын старттык бөлүгү кеңейтилип жатат.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен мелдештерди уюштуруу маселелерин талкуулап, жыйынтыгында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктарды сапаттуу жана өз убагында камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

[su_carousel source="media: 121523,121522,121524,121525,121527,121526" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү