17

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Ипотекалык пайыздык үстөктү гана эмес, турак жайдын баасын дагы төмөндөтүү механизмин иштеп чыгуу зарыл

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

«Калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат. Бүгүнкү күнү «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын каржылоого республикалык бюджеттен 3,6 млрд сом бөлүнгөн. Бул 3,5 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоону шарттады», - деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин жүрүшүндө.

Өкмөт башчынын айтымында, Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан ипотекалык насыялоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча милдеттер коюлган.

Премьер-министр белгилегендей, ипотекалык программаны мындан аркы каржылоо максаттарында Өкмөт тарабынан 2018-жылдын аягына чейин кошумча 500 млн сом табылган. «Бирок муктаждарды турак жай менен камсыздоо үчүн каражаттар дагы эле жетишсиз. Биз мындан ары да активдүү иштөөгө тийишпиз жана ипотекалык насыялоо боюнча үстөктөрдү төмөндөтүү жана аны мындан дагы жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуу үчүн ипотекалык насыялоо механизмдерин жакшыртуу боюнча милдеттерди алдыбызга коюбуз», - деди Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев пайыздык үстөктөрдү төмөндөтүү механизмдерин иштеп чыгууну, ошондой эле насыя алуучулар турак жайды сатып алган баанын өзүн төмөндөтүү боюнча таасирдүү чараларды иштеп чыгууну тапшырды.

Премьер-министр бардык кызыкдар тараптардын - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык банктардын, курулуш компанияларынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда бөлүнгөн каражаттарды өлкө жарандарынын кызыкчылыгында болушунча натыйжалуу пайдаланууну камсыздаган ипотекалык насыялоонун таасирдүү механизмдерин иштеп чыгуу үчүн иштелип чыккан сунуштарды бир жумалык мөөнөттө деталдуу талкуулоо жүргүзүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 124437,124438,124439,124440" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын 

маалыматтык камсыздоо бөлүмү