31

Январь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев калкты электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жылытуу мезгилинен өтүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга кыш мезгилиндеги өлкөнүн энергетикалык тутумунун жана күтүлүүчү аба-ырайынын шарттарын эске алуу менен республиканын негизги энергетикалык объекттеринин учурдагы иши тууралуу маалымат берилди.

Жылытуу тутумдарындагы, социалдык мекемелердеги жана отун сатуу пункттарындагы отунга жана көмүргө карата учурдагы муктаждыктар жана анын запастарына тийиштүү маселелер талкууланды.

Премьер-министрге республика боюнча кыш мезгилиндеги электр энергиясын керктөөнүн түзүмү жана электр энергиясы үчүн дебитордук карызды төмөндөтүү боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменини катышуучулары менен Бишкек шаардык ЖЭБдеги профилактикалык иштердин жана борбордун айрым бөлүктөрүндө жылуулук жүктөмүнүн убактылуу төмөндөшүнө алып келген өткөрмө суу түтүгүндөгү бузулууну жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулады.

Белгиленгендей, жылуулук электр борборунун адистери тарабынан өз убагында квалификациялык чаралар көрүлгөн, алар станцияны модернизациялоо учурунда кайра трассировкаланган өткөрмө түтүгүндөгү бузулуунун кесепетин ыкчам четтетүүгө шарт түздү.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, борбор шаардык ЖЭБде мындай штаттан тышкары жагдайларга жол бербөө жана жылуулук түйүндөрүндөгү ар кыл потенциалдуу маселелерди ыкчам жоюуга даярдыкты камсыздоо аркылуу бардык тобокелдиктерди азайтуу үчүн алдын алуу чаралары туруктуу негизде толук көлөмдө жүргүзүүлүсү зарыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын жетекчилерине энергетикалык объектилерди отун менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоо, ошондой эле өлкөнүн электр станцияларындагы жабдуулардын бузулбай иштөөсүн жана жылуулук мезгили бою жылуулук менен камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

 [su_carousel source="media: 128803,128802,128804" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү