05
Август
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кара-Көл шаарындагы балык чарбасын көрүп келди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-августта, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кара-Көл шаарындагы «Эфтар Агрокомплекс» балык чарбасына барды.
Ишкана атамекендик рынок үчүн жана экспортко кубулма форелди өстүрүү менен алектенет.
Агрокомплекстин директору Мирлан Мырзаканов ишканада жылына 250 тоннанын тегерегинде балык өстүрүлөрүн билдирди жана балык өстүрүү үчүн суу ресурстарын пайдалануу тартибин мыйзамдык деңгээлде аныктоону суранды.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Суу кодекси коопсуздукту камсыздоо жана балыктар үчүн коркунуч туудурган ар түрдүү вирустардан коргоо боюнча ишкерлердин жоопкерчилигин толук кандуу жөнгө салбайт.
Өкмөт башчы бул маселени тармактык мамлекеттик органдар менен кыйла деталдуу талкуулоону сунуштады.
«Экологиялык таза продукцияга чет элдик кардарлар арасында суроо-талап көп. Биз мындай ишканалар көп санда ачылышы үчүн бардык шарттарды түзүүгө тийишпиз», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.
[su_carousel source="media: 120911,120908,120910,120912,120913,120914" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү