25

Май

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кара-Кече» көмүр кенинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна жумуш сапарынын алкагында  «Кара-Кече» көмүр кенинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов белгилегендей, жыл сайын көмүр казуу көлөмү көбөйүп жатат.

«2013-жылы казуу көлөмү 1,425 млн тонна көмүрдү түзсө, 2018-жылы – 2,3 млн тоннага жеткен. Республиканын бюджеттик уюмдарына, Бишкек ЖЭБине атамекендик көмүрдү ташууда оңдуу натыйжалар бар. Эгерде 2016-2017-жылдары күз-кыш мезгилине 385 миң тонна көмүр жеткирилсе, 2018-2019-жылдары – 600 миң тонна, 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине 740 миң тонна катуу отун ташуу пландалууда», - деди ал.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев маалымдагандай, акыркы 5 жылда ишкана тарабынан көмүр казуу көлөмү 63 миң тоннадан 460 миң тоннага чейин көбөйгөн, 2019-жылы 550 миң тонна казуу күтүлүүдө.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кара-Кече көмүр кенин комплекстүү өздөштүрүү облусту экономикалык өнүктүрүүнү шарттап, жергиликтүү жашоочулардын жашоо деңгээлине таасири тийет.

Премьер-министр республиканын жана региондун кызыкчылыгында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын натыйжалуу ишмердүүлүгүн камсыздаган конкреттүү механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле көмүр кенин мындан ары карай иштетүүдө бардык экологиялык жана техникалык талаптарды сактоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

 [su_carousel source="media: 133351,133350,133352,133353,133354,133355,133356,133357,133358" limit="23" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү