08

Июль

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каракол шаарынын унаа жолдорун реконструкциялоо пландары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Каракол шаарынын унаа жолдорун реконструкциялоо пландары менен таанышты.

Шаар мэри Данияр Карагулов билдиргендей, быйылкы жылы калаанын беш көчөсүнө жаңылап асфальт төшөө пландалган. Бирок каражаттардын жетишсиздигине байланыштуу мэрия пландаштырылган иштерди аткарууда кыйынчылыктарга туш болууда.

Өкмөт башчы жолдордун курулушунун бөлүгүн республикалык бюджеттин эсебинен каржылоону убада кылды.

Жумушчу сапарынын алкагында Премьер-министр ошондой эле Тоң районунун Дөң-Талаа айылындагы мектептин абалы менен таанышты.

И.Текеев атындагы орто мектеп 1965-жылы курулуп, 180 орунга эсептелген. Имарат авариялык абалда турганына карабастан, окутуу эки смена менен жүргүзүлүүдө.

Өкмөт башчы мектепти көрүп чыгып, айылдын жашоочулары менен жолугушууда жаңы имараттын курулуш маселесин кийинки жылы чечип берүүнү убадалады.

«Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттары биздин демилгени колдосо, анда биз курулуш иштерин жаңы окуу жылына аяктоого даярбыз», - деди Премьер-министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү жана билим берүү тутумун жакшыртуу пландары тууралуу айтып берди.

«Биз ар бир бала мектепте билим алуусуна жетишүү максатын койдук. Өлкөнүн бардык мектептеринде жыл аягына чейин интернет кошулат. Мындан тышкары Өкмөттүн алдында 649 бала бакчаны, 400 жалпы билим берүүчү уюмдарды, 34 маданий жана спорттук объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө милдеттери турат», - деп жыйынтыктады Өкмөт башчы.

[su_carousel source="media: 119757,119755,119756,119758,119759,119760,119761,119762,119763" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү