04
Август
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Каржылоонун жылдан жылга көбөйгөндүгүнө карабастан, билим берүүнүн сапатынын төмөндөшү байкалууда
Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жыйынында билдирди.
«Азыр республикалык бюджеттин 18,3% билим берүүгө жумшалат. Эгерде 2012-жылы билим берүүгө 21,6 млрд. сом бөлүнгөн болсо, 2018-жылы бул сумма 29,7 млрд. сомго чейин көтөрүлгөн, же 27%га көбөйгөн. “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2 938,4 млн сом бөлүнгөн, ошол эле учурда күндөлүк оңдоо иштерине жыл сайын республикалык бюджеттен 100 млн. сомдун тегерегинде каражат жумшалат. Быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 78 билим берүү объекти курулган», - деди Өкмөт башчы.
Ошону менен бирге Мухаммедкалый Абылгазиев айрыкча белгилегендей, билим берүү тармагын каржылоо жылдан жылга көбөйгөндүгүнө карабастан, эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча билим берүү сапатынын төмөндөшү байкалууда.
«PISA эл аралык изилдөөлөрүнүн 2009-жылдагы жыйынтыгы көрсөткөндөй, билим сапаты боюнча Кыргызстан 65 өлкөнүн ичинен акыркы орунду ээлеген. INDEX маалыматында, илим-изилдөө активдүүлүгү боюнча биздин өлкө 131-орунда турат. Атамекендик жогорку окуу жайлары алдыӊкы 1000 университеттердин арасына бир да жолу кирген эмес. Демек, өлкөнүн билим берүү системасына тез арада заманбап нуктагы концептуалдуу өзгөртүүлөрдү киргизүү кажет», - деди Премьер-министр.
Ал белгилегендей, жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүрлөрү рыноктук экономикада өзүнүн ордун табышы керек.
«Мугалим – билимди, баалуулуктарды, жаңылыктарды жаңы муунга өткөрүп бере турган адам. Ошол үчүн мугалимдердин кесипкөйлүгү, сапаты мезгилден артта калбоого тийиш. Жаштарга тарбия берүү, аларды улуттук салттарды урматтоого, айлана чөйрөгө аяр мамиле кылууга, сабырдуулукка жана мекенчилдикке үйрөтүүгө да көңүл буруу зарыл», - деди Өкмөт башчы.
Мухаммедкалый Абылгазиев тилдерди өнүктүрүү маселесине тийиштүү ырастагандай, балдарыбыз келечекте үчтөн кем эмес тилде - кыргыз, орус жана англис тилинде эркин сүйлөй алышы керек.
«Бул маселе бир нече жылдардан бери көтөрүлүп келатат. Көп тилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн программасы жеке көзөмөлүмө алынат. Ошону менен катар кесиптик жана техникалык билим берүүнүн ролу күндөн күнгө жогорулап баратат. Квалификациялуу адистерди даярдоо максатында окуу-илимий өндүрүшкө инновациялык технологиялар киргизүү зарыл. Атамекендик илим эл аралык стандарттарга шайкеш келүүгө тийиш. Анын рентабелдүүлүгү күчөтүлүп, өлкөнүн экономикасына салым кошо турган деңгээлге алып келүүгө тийишпиз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр билдиргендей, Өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасынын алкагында өлкөнүн бардык мектептерин быйылкы жылы Интернетке кошуу милдети артыкчылык катары коюлган.
«Муну менен бирге 30 инновациялык мектеп ишке киргизилет. Белгилей кетүүчү жагдай, өлкөдө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги курч байкалат. Республикада 2-7 жаштагы балдардын саны 50 миңдей, аларды бала бакча менен толук кандуу камсыз кылууда 600гө жакын бала бакчага муктаждык бар. Ошол эле учурда 73 бала бакчанын имараты максатсыз пайдаланылып жатат. Аларда мамлекеттик органдар, жеке менчик окуу жайлары, башка мекемелер жайгашкан. Балдарыбыздын бала бакчага барып, тиешелүү тарбия жана билим албай жатканы Өкмөттүн чоң катачылыгы деп эсептейм», - деп баса белгиледи Өкмөт башчы.
[su_carousel source="media: 120816,120817,120818,120819" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү