11

Декабрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Катардын Элчиси менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Абдалла Ахмед Аль Сулайти менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы Абдалла Ахмед Аль Сулайтини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мунун өзү эки мамлекеттин өз-ара мамилелерин мындан ары карай чыңдоого өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди. Премьер-министр белгилегендей, кыргыз тарап Катар менен эки тараптуу өз-ара алакаларды өнүктүрүүгө чоң маани берет.

Мухаммедкалый Абылгазиев катар тарапка өлкөдөгү ар кыл долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Буга катар ал өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы жетишсиз деңгээлде экендигин белгилеп, буга байланыштуу аталган багыттагы ишти биргелешип күчтөндүрүү зарылдыгын билдирди.

Катар Элчиси Абдалла Ахмед Аль Сулайти Өкмөт башчыны мурдагы келишимдердин бардыгы катар тарабынан бекитилген графикке ылайык аткарылаарына ишендирип кетти. Ал атамекендик айыл чарба жана жер казнасын пайдалануу тармагы инвестициялоо үчүн жагымдуу саналаарын баса белгиледи.

Ошондой эле Абдалла Ахмед Аль Сулайти маалымдагандай, жакын арада Катар кайрымдуулук фонду тарабынан бир нече ири долбоорлор ишке ашырылат, анын бири аркылуу Бишкек шаарындагы онкологиялык балдар ооруканасы тийиштүү жабдуулар менен камсыздалмакчы.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын жарандары үчүн визасыз режимин, ошондой эле өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын киргизүү мүмкүндүгүн талкуулашты. Премьер-министрдин айтымында, бул атамекендик экономиканын тармактарында катар инвестицияларынын көлөмүн өстүрүүгө жана өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга шарт түзөт.

Ошону менен бирге Өкмөт башчы өлкөдө ишкерликти каржылоо үчүн кыргыз-катар инвестициялык фондун түзүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.

«Биргелешкен кыргыз-катар ишканалары айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүүгө тартылмак. «ВСП+» статусу аркылуу Кыргызстандын жакынкы чет өлкөлөргө, ЕАЭБ жана Европага экспорттоого жакшы мүмкүндүгү бар»,- деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле ал араб өлкөлөрүнүн туристтеринин Кыргызстанга болгон кызыгуусу жогорулашын канааттануу менен белгиледи. Премьер-министр түз аба каттамдарын ачуу Катардан келген туристтердин санын өстүрүүнү өбөлгөлөшүнө ишеним билдирди.

[su_carousel source="media: 126849,126850" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү