16
Август
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасына жумушчу сапары менен келди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-августта, кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:
Мухаммедкалый Абылгазиев – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
Жеңиш Разаков– Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
Олег Панкратов – Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Жамшитбек Калилов – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри;
Уларбек Шаршеев – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Калысбек Жумаканов – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын директору;
Динара Кемелова– Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Айбек Айдарбеков – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Алмаз Сазбаков– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү;
Азамат Оморов – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен иштетүү бөлүмүнүн башчысы.
[su_carousel source="media: 121317,121318,121319,121320,121321" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү