14
Июнь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт инвестицияларды тартуу жана бизнес жүргүзүү шарттарын түзүү иштерин күчтөндүрөт
«Өкмөт инвестицияларды тартуу жана бизнес жүргүзүү шарттарын түзүү иштерин күчтөндүрөт», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылы аткарылган иштери тууралуу отчетун сунуштоонун жүрүшүндө.
««Айыл чарбаны каржылоо – 5» долбоору ишке ашырылды, анын алкагында республиканын 15 миң товар өндүрүүчүлөрүнө 6,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген кредиттер берилди. 2016-жылга салыштырганда насыялоо 1,8 млрд сомго көбөйгөн. Экспортко багытталган ишканаларды каржылык колдоо долбоорунун 1-фазасы ишке ашырылды. Ишкерлерге насыялар жылдык 10% менен берилди. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 1,2 млрд сомго 93 долбоор каржыланды», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев .
Өкмөт башчы лизинг боюнча 530 млн сомдун тегерегиндеги каражатка 363 даана ар кандай айыл чарба техникасын лизингге берилгенин айтты.
«Айыл чарба техникасын лизингге берүү долбоорун ишке ашыруу 24 машина-трактордук станциянын ачылышын шарттады. Мындан тышкары, Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду тарабынан жылдык 14% менен «Чакан ишкердик субъекттерин микрокаржылоо» программасын ишке ашыруунун алкагында 700 млн сом насыя берилди. Бул микрофинансылык уюмдардын кредиттери боюнча орточо пайыздык ставкадан 2 эседен ашык арзан. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан 823 долбоорго 311 млн доллар каражат бөлүндү. Кепилдик фонд 2017-жылы 250 млн сом суммадагы 234 кепилдик берди», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы ошондой эле жеңилдетилген салык шарттарын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.
«2017-жылдан баштап лизингдик компаниялар КНСтан, сатуудан алынуучу салыктан бошотулду жана пайда салыгынан 5%дык өлчөмдө жеңилдик алышты. Мындан тышкары 2017-жылдын 12-апрелинен тартып мектепке чейинки жана мектептик билим берүүчү жеке менчик уюмдар КНСтен жана пайдага салыктан бошотулду. Айыл чарба проукциясын кайра иштетүүчүлөр үчүн пайда салыгы жана КНС жеңилдиктери 2018-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды», - деп ырастады Премьер-министр.
[su_carousel source="media: 118636,118637,118638,118639,118640,118641" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү