21
Май
2019
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси Шамил Асымбековду кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү