10
Февраль
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүгө даярдыкты текшерди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды.
Мониторинг борбору «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет, алар андан соң «Кыргызпочтасы» МИ аркылуу унаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет.
Өкмөт башчыга билдирилгендей, бүгүнкү күнү бардык даярдыктар талапка ылайык белгиленген мөөнөттө жүргүзүлүп жатат. Бардык материалдык-техникалык база даярдалган, тийиштүү окутуудан өткөн кызматкерлердин штаты түзүлгөн.
Мухаммедкалый Абылгазиев Мониторинг борборунун ишинин бардык баскычтары менен таанышты, жарандарды кабыл алуу бөлүмүн көрүп чыкты, мында жарандар менен иштөө уюштурулат жана «100» кыска номери боюнча тиешелүү маалыматты алуу үчүн бирдиктүү колл-борбор ишке киргизилет. Тийиштүү маалымдама маалыматтар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтынын «Коопсуз шаар» бөлүмүндө жеткиликтүү болот.
Тутумдун долбоорду ишке киргизүүгө даярдыгы менен таанышкан соң, Премьер-министр долбоорду баскычтуу ишке киргизүүнү тапшырды.
«12-февралдан баштап аппараттык-программалык комплекстерди, мониторинг борборун, ошондой эле бузууларды каттоону ишке киргизүү кажет. Аныктоо, каттоо, жеткирүү жана айыппулдарды төлөөнүн бардык механизмдери так иштеп, жарандар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. – Бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү жана масштабдуу долбоор, ал жолдордо коопсуздукту камсыздоодо бурулуш боло алат. Алдыдагы долбоорду ишке киргизүү – биздин узак жана көп күчтү талап кылган эмгегибиздин натыйжасы, биз анын бардык баскычтарынын ийгиликтүү ишке ашырылуусуна жетишүүгө тийишпиз».
[su_carousel source="media: 129148,129149,129150,129151,129152,129153,129154,129155,129156,129157" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү