14
Март
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жарандар билдирмелерди алууда жана айыппулдарды төлөөдө ыңгайсыздыктарды сезбеши керек
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга даярдык көрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркуловдун маалыматы боюнча 2019-жылдын 4-мартынан баштап 12 734 жол эрежесин бузуу жөнүндө токтом иштелип чыккан, алардын ичинен 5 686сы дарегине жеткирүү үчүн почта органдарына өткөрүп берилди.
«Унаа айдоочулар арасында кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жаралган бардык юридикалык маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу жүрүүдө. «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы жол эрежелерин бузуулар жөнүндө токтомдорду жеткире баштады. Ошону менен бирге марттын башынан бери жолдордо жол кырсыктарынын азайышы, ошону менен бирге өлүмдүн саны азайганы байкалууда. Жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелерин сактай башташты», - деди Иманалы Саркулов.
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев белгилегендей, долбоордун экинчи фазасын ишке киргизүүнүн баштапкы белгиленген мөөнөттөрдөн бир аз кечигүүсү инженердик түйүндөргө аппараттык-программалык комплекстерди кошуу үчүн уруксат кагаздарын макулдашуунун создуктурулушуна байланыштуу болуп саналат. Бирок учурда келип чыккан маселелер чечилди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса көрсөткөндөй, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү жана натыйжалуу жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат.
«Долбоорго тартылган мамлекеттик органдар бардык пайда болгон маселелерди ыкчам чечүү үчүн тынбай иштөөгө тийиш. Биз долбоорду киргизип, ийгиликтүү иштөөсүнө жетиштик, бирок бүгүнкү күнү биз принципиалдуу түрдө көп ишти жасоого тийишпиз. Долбоордун кийинки баскычтарын ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыга турган көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн масштабдуу иштерди аткаруу, бардык айырмаларды өтө кылдат иштеп чыгуу керек. Жолдордо коопсуздукту камсыздап жана жол инфраструктурасын гана жакшыртпастан, бузууларды каттоонун, билдирмелерди жеткирүүнүн жана айыппулдарды төлөөнүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу механизмин киргизүү зарыл. Жол инфраструктурасын жакшыртуу иштерин улантуу кажет. Жарандар долбоорду колдошууда жана жолдордо тартипти сактоого аракет кылып жатышат, алар билдирмелерди алууда жана айыппулдарды төлөөдө ыңгайсыздыктарды сезбеши керек», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке киргизүүгө мындан аркы даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
[su_carousel source="media: 130250,130251,130252" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү