05

Август

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кварц компани» компаниясынын ишмердиги менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-августта, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаарындагы кремнийди кайра иштетүүчү  «Кварц компани» компаниясынын ишмердиги менен таанышты.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миң тонна даяр продукцияны түзөт. Учурда заводдун курулушу финансы каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу 75% гана аяктаган. Ишкананы толук ишке киргизүү үчүн 1,5 млн АКШ доллары зарыл.

Өкмөт башчы ишканага насыялык жардам көрсөтүүгө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

«Мен бул маселе боюнча тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүгө даярмын. Жакын арада толук кубаттуулукта ишке кирүү үчүн ишканага аракеттешүү зарыл», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

[su_carousel source="media: 120917,120916,120919,120920,120921" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү