14

Июнь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги мүчөлүгүнүн көрсөткүчтөрү тууралуу айтты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылы аткарылган иши тууралуу отчетун сунуштады.

«Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине кирген соң биздин жарандардын иштөө шарттары кыйла жакшыра баштады. Эми жарандарыбыз иштегени барган өлкөнүн жарандары менен бирдей укукка ээ болушту. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө барган өлкөлөрүндө социалдык жана медициналык тейлөө жеткиликтүү болуп калды. Жумушка орношкондо алардын квалификациясы жөнүндө документтер толугу менен таанылат», - деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы республикага акча которуулардын көлөмү 24%га көбөйүп, алардын жалпы суммасы 2,4 млрд АКШ долларын түзгөнүн билдирди.

«Бүгүн ЕАЭБ алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн 18 сектору боюнча либералдаштыруу планы ишке ашырылууда, алар боюнча бирдиктүү рынок 2019-2021-жылдарда иштеп баштайт. Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чек ара пункттарын, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды модернизациялоо иштери улантылат», - деп билдирди Өкмөт башчы.

 [su_carousel source="media: 118627,118628,118629,118630" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү