02

Февраль

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргыз тарап күч-аракетин топтоштуруп, ЕАЭБ санариптик күн тартибинин алкагында активдүү иш жүргүзүүгө даярдыгын билдирет

«Кыргыз тарап күч-аракетин топтоштуруп, ЕАЭБ санариптик күн тартибинин алкагында активдүү иш жүргүзүүгө даярдыгын билдирет», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кеңири курамдагы кезектеги жыйынынын жүрүшүндө.

Өкмөт башчы белгилегендей, тар чөйрөдөгү жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБ алкагындагы өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болуп өттү жана өлкөлөрдүн экономикасынын мындан аркы өнүгүүсү үчүн принципиалдуу мааниге ээ болгон темалардын кеңири спектри каралды.

«Биз кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча мамлекеттерибиздин көз-карашын аныктадык. Кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү тууралуу калыптанган пикирди карманып жаткандыгыбызды кубануу менен белгилеп кетсек болот. Ошол эле учурда бардык мүмкүнчүлүгүбүздү натыйжалуу колдонуу маанилүү деп эсептейм», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» форумунун жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын канагаттануу менен белгиледи. Ал санариптик трансформация Евразиялык экономикалык биримдиктин күн тартибиндеги маанилүү темалардын бири катары калып жаткандыгын баса белгиледи.

«Бүгүн биз санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду ишке ашыруу механизмдерин бекитүүгө даяр экенибиз абдан кубандырарлык. Ошону менен бирге сунушталган демилгелер милдеттүү түрдө бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын эске алуусу керек деп эсептейбиз», - деп белгиледи Өкмөт башчы.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, башка ийгиликтүү мамлекеттер аралык бирикмелердин интеграциялык процесстеринин алдынкы тажрыйбаларын колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө маанилүү, алар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерлетүүнүн жогорку деңгээлин камсыздоого салым кошо алышат.

«Бирок башка өлкөлөрдүн мындай уюмдарды түзүү тажрыйбаларында көптөгөн кемчилдиктердин болушуна байланыштуу бул маселени мындан аркы илгерлетүү үчүн бул сунуштун бардык терс жана оң тараптарын тыкыр талдоо жүргүзүү зарыл деп эсептейбиз», - деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы ошондой эле баса көрсөткөндөй, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ортосунда үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алуу жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар маанилүү.

«ЕЭАБ экономика министрлеринин деңгээлинде Евразия экономикалык комиссиясынын катышуусунда маанилүү, анын ичинде мүчө-мамлекеттерде соода жана экономиканын абалы тармагындагы маселелерди талкуулоо үчүн туруктуу кеңешмелерди өткөрүү бүгүнкү күнү кыйла актуалдуу болуп саналат. Тыгыз байланыштар жана экономика министрликтеринин натыйжалуу өз ара аракеттешүүсү биздин кызматташуунун өтө зарыл маселелерин өз убагында чечүүнү шарттайт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

[su_carousel source="media: 128893,128894,128895,128896,128897,128899,128900,128901,128902,128903,128904,128905" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү