30

Январь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстандын табигый ресурстары – бул өлкөнүн мүлкү жана байлыгы, мамлекеттин учурдагы өнүгүшү жана эртеңки келечеги

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Кыргыз Республикасын Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар боюнча сөз сүйлөдү.

Премьер-министрдин айтымында, Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү отурумуна алынып чыккан маселе – социалдык-экономикалык жактан да, коомчулуктагы мааниси жагынан да актуалдуу жана өз убагында көтөрүлүп жатат.

“Кыргызстандын табигый ресурстары – бул өлкөнүн мүлкү жана байлыгы, мамлекеттин өнүгүшүнүн азыркы учуру жана эртеңки келечеги. Дал мына ушул кен казынасын пайдалануу чөйрөсү – Кыргызстанды инвестициялык жактан потенциалдуу мамлекет катары таанытып, чет элдик инвесторлорду өлкөгө тартууда. Бүгүн тоо кен тармагы – өнөр жай өндүрүшүндө салмактуу үлүшкө ээ, ошондуктан мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат”, - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, азыркы учурда кен казынасын пайдалануу чөйрөсү – каралып жаткан тармактын бардык көйгөйлөрүн системалуу жана комплекстүү мамиле жасоо менен чечүүгө муктаж болуп турат.

“Маселелердин көбү бир нече жылдардан бери топтолуп, чечилбей келет. Ушул көйгөйлөрдөн улам акыркы учурларда жер-жерлерде элдин масштабдуу нааразычылыктары келип чыкты. Бул каршылыктардын башкы себеби – аймак тургундарынын актуалдуу социалдык маселелери менен бирге, бардык баскычтагы бийликтин аракетсиздиги болду, карапайым элдин чакырыктарына көңүл бурбай, бул тармактагы көйгөйлөрдү көңүлдөн тышкары калтыргандыгы себеп. Буларга кошумча жеке кызыкчылыктарды көздөгөндөр элди көтөрүп, мыйзамсыз иштерди уюштурган фактылар да жок эмес”, - деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, инвесторлор менен ар бир макулдашууну түзүүдө мамлекеттин үлүшү так жазылып, конкреттүү талаптары жана укуктары көрсөтүлүүгө тийиш.

“Ошондо гана өлкөнүн кен байлыктарына катуу контроль жасалып, жер-жерлерде социалдык проблемаларды чечип, элдин ишеничине кире алабыз. Ал эми экономикалык көз караштан алып карасак, өлкөнүн ички дүң продукциясына миллиарддаган каражаттар түшмөк, анын баары мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, жолдорду салганга жумшалмак. Кыргызстандын жаратылыш байлыгы жетиштүү: сурьма, сымап сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдар, алтын жана башка кендер чыгат. Демек, элибиз жакшы жашоого татыктуу”, - деди ал.

Өкмөт башчы аталган тармактагы кадр маселесине өзгөчө токтолду. Атап айтканда, тилекке каршы, учурда өлкө жогорку квалификациялуу кадрлар резервин жоготкон. “Кыргызстандын тоо кен тармагындагы мыкты адистери башка мамлекеттерде иштеп жатышат. Бүгүн биз бул кырдаалды түздөөгө багыт алып, тоо кен тармагындагы ишканаларга чет жакта жүргөн өзүбүздүн адистерди чакырышыбыз керек”, - деп билдирди Премьер-министр.

[su_carousel source="media: 128752,128753" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү