06

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттө туризмди өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана туризм тармагын өнүктүрүү боюнча маморгандардын функциясын тактап көрсөтүүнү тапшырд

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрдү, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасында 2018-2022-жылдарга Туризмди өнүктүрүү программасы сунушталды.

Премьер-министр белгилегендей, учурда Өкмөт алдында өлкөнүн туристтик мүмкүндүгүн сапаттуу ишке ашыруу жана аны башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча чаралар жыйындысын ишке ашыруу боюнча маанилүү милдеттер турат.

«Республикада туризмдин өнүгүүсүнүн оңдуу динамикасы байкалууда. Эгерде 2012-жылы биздин өлкөгө болжол менен 3 млн чет элдик жаран келсе, 2017-жылы бул көрсөткүч 4,5 млн адамды түзгөн. Ички дүң продуктунун түзүмүндөгү туризмдин үлүшү 4-5% түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 20% жакын. Биздин милдет – ИДП туризм үлүшүн 2022-жылга карата 10%га жеткирүү», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин айтымында, коюлган милдетти ишке ашыруу үчүн ыкчам чаралардын бири катары туризмди комплекстүү өнүктүрүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү боюнча макулдашылган саясатты жүргүзүү жаатында өз алдынча органды түзүү болуп саналат.

«Бул орган маркетингдик алга жылдырууну ишке ашырат жана туристтик объектилерди натыйжалуу башкарууну камсыздайт. Буга катар туризмди өнүктүрүү аймактардын, айыл чарбанын өнүгүүсүн жана жаңы жумушчу орундарынын түзүлүүсүн шарттайт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов маалымдагандай, 2018-2022-жылдарга Туризмди өнүктүрүү программасынын негизги милдети катары Кыргыз Республикасын аймактагы туризм үчүн алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошуу, ошондой эле туристтик агымды ар жыл сайын 10% га жогорулатуу болуп саналат.

«Туристтерди тартуу жаатында, биринчи кезекте жарандары биздин өлкөгө жыш каттаган өлкөлөрдөн туристтерди тартуу боюнча иш активдештирилет. Анын катарына Казакстан, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркия, Кытай, Индия, АКШ, Түштүк Корея, Германия сыяктуу 10 өлкө кирет», - деди Азамат Жаманкулов жана туризмди өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу пландарга токтолду.

«Маалыматтык ишке өзгөчө көңүл бурулат. Биз эл аралык туристтик рынокто Кыргыз Республикасынын таанымалдыгын жогорулатуу үчүн активдүү маркетингдик кампанияны жүргүзүүгө умтулуудабыз. Мындан тышкары, республикада ар бир облуста туристтерди тейлөөнүн түйүндөр тармагы өнүктүрүлөт. Биз ошондой эле коомдук тамактануу обьектилерин, тоо лыжа туризмин, жеке ташуу тейлөөсүн, мейманканаларды, эс алуу үйлөрүн класификациялоо  үчүн тийиштүү стандарттарды, ошондой эле туристтик операторлордун жана агенттиктердин реестрин иштеп чыгуудабыз», - деди Азамат Жаманкулов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаратылыштын уникалдуулугун эске алуу менен өлкөнүн туристтик потенциалын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн коюлган милдеттерди аткарууга өзгөчө көңүл бурууну жана так иштеген туристтик тармакты түзүүгө жетишүүнү тапшырды.

«Биз кезектеги регулятор иретинде башка мамлекеттик органдар менен катар ишкерлерге бюрократиялык тоскоолдуктарды жараткан кезектеги ведомствону түзгөнүбүз болбойт. Бул орган бизнес үчүн өнөктөш болуп, натыйжалуу туристтик демилгелерге колдоо көрсөтүшү кажет», - деп жыйынтыктады ал.

Өкмөт башчы кыска мөөнөттө айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен Туризмди өнүктүрүү программасын толуктап иштеп чыгууну, ошондой эле туристтик тармакты алга жылдыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын тактап-аныктап көрсөтүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 124109,124110,124111,124112" link="attachment" title="no"]