12

Май

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн энергетикалык тармагындагы негизги артыкчылыктарды жана көйгөйлөрдү белгиледи

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев бүгүн, 11-майда, 2017-2018-жылкы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыгы жана 2018-2019-жылкы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү чаралары каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө өлкөнүн энергетикалык тармагындагы негизги артыкчылыктарды белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасында энергетика тармагында конкреттүү максаттарды алдыга коюлгандыгын баса белгиледи. Атап айтканда, өлкөнү электр энергиясы менен сапаттуу камсыз кылуу, экспорттук потенциалды өнүктүрүү, жарандардын ишенимдүү жана заманбап энергиялык тейлөөнү алуусун камсыз кылуу милдетери коюлган. «Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо, Ат-Башы, Үч-Коргон, Күрпсай, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай ГЭСтерин реконструкциялоо аяктайт, Токтогул ГЭСине толук реабилитациялоо жүргүзүлөт. Жалпысынан генерациялык обьекттерди реконструкциялоодон жана модернизациялоодон кубаттуулук 702,68 МВт көбөйөт», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Өкмөт башчы белгилегендей, «СASA-1000» долбоору алкагында 2018-жылдан тартып 500 кВ, «Датка» подстанциясынан «Сугд-500» (Тажикстан) чейин 477 км узундуктагы электр берүү линияларынын обьекттерин куруулар башталат. Мындан тышкары, ата мекендик көмүрдү пайдалануунун үлүшүн жогорулатуунун үстүндөгү иштер күчөтүлөт. «Энергетикалык компанияларын туруктуу өнүктүрүү жана элдин ишенимин көтөрүү үчүн сектордун ишинин ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылынат. Өкмөт өзүнүн алдына ушундай бийик максаттарды коюп, аны ишке ашырууга багыт алган учурда кайдыгер көз карашта иштеп жаткан айрым мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кызматына дал келүүсү боюнча маселени карайбыз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. Анын айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБинде күтүлбөгөн кырдаал келип чыгышынын себептерин боюнча бир катар кемчиликтер аныкталган: - аба ырайынын сууктап кетишин билип, жылуулук техникалык жабдуулардын жетиштүү жана дароо ишке киргизиле турган ыкчам резерв түзүлгөн эмес; - аба температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу өндүрүштүк персоналды талаптагыдай уюштуруу жана аварияга каршы машыгууларды өткөрүү  болгон эмес; - ТЭЦте аварияны жоюуда бардык кызматтардын биргелешип иштөө режиминин тартиби иштелип чыккан эмес; - авариялык кырдаал курчуган мезгилде жана авария болгон учурда өндүрүштүк кызматтардын иштери борборлоштуруп башкарылган эмес. - «Электр станцияларынын» ААК жетекчилиги тарабынан 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн жүрүшү контролго алынган эмес. Премьер-министр “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жетекчилигине келерки 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине ведомстволук ишканалардын даярдыгы боюнча Иш-чаралардын планын аткарылышы боюнча жеке жоопкерчилик жүктөлсүн деп тапшырды. «Энергетика компанияларынын өндүрүштүк иштери жетишсиз каржыланышына “тарифтик саясатты мамлекеттик жөнгө салуу себеп болуп жатат деген туура эмес. Жетекчилер тарифти кымбаттатууну талап кылгандан мурда өздөрү энергетика системасындагы коррупцияны жоюуга чындап күрөшүүсү керек. Тийиштүү мамлекеттик орган энергетика тармангындагы тутумдук коррупцияны демонтаждоо боюнча иш-чаралар планынын аткарылышын камсыздоо боюнча жыйынтык чараларды кабыл алуусу зарыл», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Жыйынтыгында Премьер-министр келерки күз-кыш мезгилинде отун-энергетикалык комплекс ишканаларынын жетекчилигинин жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүү боюнча иши өзгөчө көзөмөлгө алынаарын эскертти. [su_carousel source="media: 116552,116553,116554,116555,116556" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 116180,116181,116182,116183,116184,116185,116186,116187" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү