01
Июнь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев М.Жангазиев атындагы куурчак театрына барды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев балдарды коргоо күнүндө Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына барды.
Өкмөт башчы балдарды майрамы менен куттуктап, аларга ден соолук, жаркын маанай жана бакыт каалады.
«Ар бир ата-эне үчүн бала жашоонун негизи.Биз үчүн балдарыбыздан маанилүү эч нерсе жок. Биз силердин жашоо бакытка толуп турушун каалайбыз. Дайыма жүзүңөрдө жылмаюу болуп, жакындарыңардын жылуулугу жана камкордугу курчап турушуна тилектешпиз. Бул мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Андан соң Өкмөт башчы Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ Башчысы Юкиэ Мокуо жана балдар менен биргеликте «Туулган күн» спектаклин көрүштү.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев куурчак театрынын директору Б.Куланбаевге 100 миң сомго сертификат тапшырды.
Балдарды коргоо күнүнүн урматына балдар дагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан белектерди алышты.
[su_carousel source="media: 133733,133728,133727,133729,133730,133731,133732,133734" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү