10
Октябрь
2018
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-октябрда, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагуловду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.
Өз сөзүндө Премьер-министр белгилегендей, кыргыз эли чоң жоготууга учурап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн белдүү мүчөсүнөн ажырады.
«Өз элинин таланттуу уулу, белгилүү журналист, котормочу, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Султанбек Жумагулов дүйнөдөн кайтты. Аз убакытта бирге иштесек дагы, мен анын кыргыз элинин тагдырына, анын түпкүрүнө, маданиятына жана салтына чын дилден күйүп-бышкан адам экенин сездим. Алты ай иштештик, анын үч айы сыркоолоду. Бирок ошондо дагы анын атамекендик маданиятты өнүктүрүүгө салым кошууга умтулуусу өчкөн жок. Ал кыргыз маданиятынын алтын фондун түзүүгө умтулчу жана ушунун баарын электрондук түргө келтирүү далалаты бар эле. Тилекке каршы, ал бул максаттарына жетише албай калды. Бирок Султан Жумагулов өз чыгармаларында, макалаларында элибиз татыктуу жашоодо жашарына ишенип келген», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы белгилегендей, Султанбек Жумагулов эл аралык журналистикада татыктуу орунду ээлеген.
«Ал кылым тогошкон мезгилде жашап жаткандыгын көп айтчу. Белгилүү болгондой, «ВВС» жана «Азаттык» радиосунда, телевидениеде жана башка чыгармачыл жамаатта иштөө үчүн өзгөчө талантка эгедер болуу жана эмгекчилдик керек. Акыркы жолугушуубузда Султан Жумагулович көптөгөн кемчиликтерге токтолуп, маданият тармагындагы жетишсиз каржылоо, бул көйгөйлөрдү кантип чечээри тууралуу айткан эле», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мындан тышкары, Өкмөт башчы белгилегендей, Султанбек Жумагулов «жашоонун ар бир күнү кымбат, учурду баала» деген учкул сөздүн автору болуп саналат.
«Ал өзү ушул принципти карманып, ар бир күнү талыкпай эмгектенип, алга умтулган. Султанбек Жумагулов атамекендик журналистикада өчпөс из калтырды. Ал маданият маселесин тереңден билген команданын мыкты мүчөсү эле. Ар бир иштеген жеринде ишине сүңгүп кирип, ишин жан-дили менен берилип аткарган. Султанбек Жумагулов Өкмөттүн жөн гана мүчөсү эмес, ириде ал мыкты адам болгон. Биз аны үй-бүлөсүн жылуу мамилеси менен курчаган мээримдүү ата, камкор бир тууган катары да билебиз. Ал биз үчүн үлгү берчү агабыз да болгон. Султан аганын жаткан жери жайлуу болсун, анын аткарбай калган иштерин уулу, бир туугандары жана биз аткаралы!», - деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
[su_carousel source="media: 124209,124210,124211,124212,124213,124214,124215,124216,124217,124218" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү