21

Июль

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мал чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон орчундуу салымы үчүн бир катар адамдарга сыйлык тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-июлда, Чүй облусунун Суусамыр жайлоосунда өткөн Кыргыз Республикасынын малчыларынын V республикалык чогулушуна катышты. 

Чогулуштун алкагында Өкмөт башчы энчилүү сааттар менен төмөндөгүлөрдү сыйлады:

- Кыргыз Републикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагындагы “Аракет-Агро” дыйкан чарбасынын башчысы Таир уулу Акматалы;

- Кыргыз Републикасынын ветеринардык статуардык органынын тренер-консультанты Абдрасулов Абдугани Халмурзаевич.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш төмөндөгүлөргө жарыяланды:

- Кыргыз Републикасынын Чүй облусундагы Панфилов районунун Фрунзе айыл аймагындагы “Байэл” дыйкан чарбасынын башчысы, жайыт комитетинин төрагасы Данкеев Бахтыбек Эсенбаевич;

 - Кыргыз Републикасынын Чүй облусундагы Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагындагы “Чабрец” дыйкан фермер чарбасынын башчысынын орун басары Болотова Гүлүмкан Асанбаевна.

 [su_carousel source="media: 120331,120330,120329,120328" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү