25

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталын ишке берүүнү тездетүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев учурда пилоттук режимде иштеп жаткан мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталын түзүү боюнча иштер төрт баскычта ишке ашырылгандыгын билдирди. «Бүгүнкү күндө 22 министрлик жана ведомство тараптан мамлекеттик электрондук тейлөөнүн 189 түрүн көрсөтүү үчүн бардык техникалык мүмкүндүктөр түзүлгөн. Бул максатта айрым мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын техникалык жабдуулары Порталдын серверине байланыштырылып, техникалык өз-ара аракеттешүү камсыздалган», - деп маалымдады Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев. Анын маалыматы боюнча, комитет тарабынан Портал аркылуу мамлекеттик тейлөө көрсөткөн министрлик жана ведомстволордун кызматкерлери үчүн аны пайдалануу боюнча бир катар окутуу тренингдери өткрүлгөн. Ошондой эле ал белгилегендей, комитет тарабынан анын коопсуздугун жана туруктуулугун текшерүү үчүн компетенттүү мамлекеттик органдардын маалыматтык коопсуздук жаатындагы адистерин тартуу менен  көзкарандысыз IT-эксперттердин тобу уюштурулган, учурда алар порталды ар-кыл тобокелдиктерге карата тестирлөөдөн өткөрүп жатышат. Өкмөт башчы белгилегендей, тейлөө кызматтарынын электрондук порталын түзүү маселеси калкты тейлөө жана өлкөдө бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн маанилүү болуп саналат. «Бирок, силер бул маселеге көндүм адат боюнча тобокелге салуу менен тийиштүү көңүл бурбай жатасыңар. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн конкреттүү мөөнөттөр белгиленет. Жоопкерчилик орун басарларга, же башкармалыктардын жетекчилерине жана адистерге эмес, министрликтердин жана ведомстволордун биринчи кызмат адамдарына жүктөлөт. Мындай болбойт. Ар бир жетекчи долбоорду ишке ашырууга жеке жоопкерчиликти алат. Мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталы жарандар жана бизнес өкүлдөрү үчүн электрондук өкмөткө кирүүнүн бирдиктүү түйүнү болууга тийиш», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга Портал менен маалыматтык тутумдарды интеграциялоо боюнча тийиштүү техникалык жана уюштуруу иш-чараларын өткөрүү жана мамлекеттик тейлөөгө электрондук билдирмелерди кабыл алуу жана иштеп чыгууга жооптуу кызматкерлердин даярдыгын камсыздоо тапшырылды. Ошондой эле электрондук тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө жооптуу кызматкерлер үчүн электрондук кол тамга бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу милдеттендирилди. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды сыноонун жыйынтыгы боюнча эки айлык мөөнөттө Мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталын туруктуу негизде пайдалануу Эрежелерин иштеп чыгуу тапшырылды. [su_carousel source="media: 124917,124918,124919,124920,124921,124922" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү