17

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын, облус жана район жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоонун жаңы ыкмасын даярдоону тездетүүнү тапшырды

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоонун жаңы ыкмасын киргизүү маселесин талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы баса белгилегендей, аталган демилге Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында кабыл алынууда жана өлкөнүн аймактарын комплекстүү өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын, облус жана райондордун жетекчилеринин отчеттуулук тутумун өркүндөтүү боюнча иштиктүү механизми болуп калууга тийиш. Премьер-министр жергиликтүү бийлик жетекчилеринин аймактарды өнүктүрүүдөгү, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдөгү жана калктын турмушун жакшыртуудагы жоопкерчилигин жана ролун күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи. Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов маалымдагандай, учурдагы баалоо инструменти жана пландаштыруу тутуму дээрлик бири-бири менен байланышта эмес жана коюлган максаттарга карай жетекчилердин салымын объективдүү баалоого мүмкүндүк бербейт. Буга байланыштуу анын айтымында, максаттуу көрсөткүчтөргө жетүүдөгү алардын салымын баалоо менен өкмөттүк программаларды ишке ашыруу боюнча аткаруу бийлик органдарынын пландарды түзүүгө жана отчеттуулукка жаңы мамилелери иштелип чыкты. Экономика министри белгилегендей, баалоонун жаңы форматы максаттуу көрсөткүчтөрдү жана аларга жетүү боюнча аткаруу бийлик органдарынын конкреттүү милдеттерин камтыйт, ошондой эле  борбордук жана аймактык бийлик органдарынын тикелей өз ара жоопкерчилигин камсыздоону шарттайт. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аймактардын жетекчилери жана эксперттер менен жогоруда аталган сунуштарды эске алуу менен кошумча консультацияларды өткөрүүнү жана жаңы методика долбоору кыйла көрсөтмөлүү жана объективдүү болушу үчүн аны толуктоону тапшырды. Мындан тышкары Өкмөт башчы Экономика министрлигине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдарынын, облустардын жана райондордун жетекчилерин окутууга даярдыктарды баштоону милдеттендирди. Өкмөт башчы баса белгилегендей, бул методика 2018-жылдын аягында жыйынтыктарды чыгарууда колдонулууга жана келерки жылдан тарта толук түрдө ишке киргизилүүгө тийиш. [su_carousel source="media: 124465,124466,124467,124468,124469,124470" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү