24
Апрель
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Мамлекеттик программаларды ишке ашырууда оң динамика катталды
«Өкмөттүн ишиндеги оң динамика мамлекеттик программаларды ишке ашырууда катталды. 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр 5,6%га жакшырды», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү учурунда.
Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позициясы 1,9%га жогорулаган.
«Бизнести жүргүзүү» индекси боюнча биздин республика 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга чыгып, 7 позицияга жакшырды. Өсүш 4 индикатор боюнча катталган: «Төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү» (+37 позицияга), «Эл аралык соода» (+14 позицияга), «Миноритардык инвесторлорду коргоо» (+13 позицияга), «Келишимдердин аткарылышын камсыздоо» (+8 позицияга) жакшырды.
«Коррупцияны кабылдоо» индекси боюнча Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 132-орунга чыгып, 3 позицияга жогорулады. Экономикалык эркиндик индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен республика 79-орунда турат.
Премьер-министр кошумчалагандай, «Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк» индекси боюнча биздин көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5 позицияга жакшырган.
«Бул индекс макроэкономикалык туруктуулукту жана Өкмөттүн 2018-жылдагы ишин баалоодогу негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мындан тышкары Өкмөт башчы белгилегендей, «Социалдык прогресс» индекси боюнча 2018-жылы Кыргыз Республикасы 146 өлкөнүн ичинен 78-орунга чыгып, олуттуу прогресске жетишти.
«Өлкөнүн өркүндөө» индекси боюнча биз 149 өлкөнүн ичинен 78-орунду ээлеп, 4 позицияга көтөрүлдүк.
«Негизинен, Өкмөттүн ишинин жалпы интегралдык көрсөткүчү 2,4%га жакшырды», - деп белгиледи Премьер-министр.
[su_carousel source="media: 132261,132267,132262,132263,132264,132265,132266,132268,132269,132270" limit="23" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү