14
Февраль
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбековду мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча тапшырмаларды аткарбагандыгы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга атамекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу маалымат берилди.
Тийиштүү министрлик жана ведомстволор мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү, борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу боюнча механизмдерди, катышуучуларга квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу жаатындагы жана башка тапшырмаларды аткарбагандыгы тууралуу маалымат берилди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана атамекендик бизнести колдоого алуу максатында мамлекеттик сатып алуулар тутумун кескин түрдө өзгөртүүгө багыт алууда.
Өкмөт башчы эскерткендей, жыл сайын 49 млрд сомдон ашуун каражат мамлекеттик органдардын, бюджеттик түзүмдөрдүн жана мамлекеттик компаниялардын муктаждыктарына жумшалат, анын 79%га жакыны импорттолгон болуп саналат.
«Биз мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануубуз керек. Ал үчүн өндүрүшчүлөрүбүздү колдоого алуунун иштиктүү чараларын иштеп чыгуубуз жана алардын мамлекеттик сатып алууларга активдүү катышуусуна өбөлгө түзүүчү тутумду ишке киргизүүбүз зарыл. Ар бир мамлекет өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарын түзүүгө жана социалдык милдеттердин чечилишине шарт түзүү аркылуу өз ишкерлерин колдоого алат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр белгилегендей, бул Өкмөттүн принципиалдуу көз-карашы жана ал жүргүзүлүп жаткан иштин конкреттүү натыйжаларына жетишүүнү максат кылат, ал эми коюлган милдеттердин аткарылбагандыгы үчүн катаал чаралар көрүлөт.
Буга байланыштуу Мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар планынын аткарылбагандыгы үчүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбековду кызматынан бошотуп, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовго эскертүү берди.
Мындан тышкары, Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишине канааттандырарлык эмес деген баа берди жана Планды аткарууга жоопкер мамлекеттик органдарга бир жумалык мөөнөттө мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ошондой эле 2019-жылдын 1-мартына чейин товарлардын электрондук каталогунун веб-порталынын жобосун (учурдагы бааларды көрсөтүү менен ташып келүүчүлөр жана жалданма компаниялар тарабынан сунушталган товар, эмгек жана тейлөөлөрдүн тутумдаштырылган тизими) иштеп чыгууну жыйынтыктоо тапшырылды.
[su_carousel source="media: 129346,129345,129347,129348,129349" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү