24
Июнь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өкмөт башчынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:
«Мамлекет кесипкөй, жогорку адеп-ахлактуу мамлекеттик кызмат менен гана ийгиликке жетишип, өнүгө алат. Ал мамлекеттик тутумдун маанилүү элементтеринин бири болуп саналат. Ошондуктан жарандарыбыздын жашоосун жакшыртуудагы силердин баа жеткис салымыңарды белгилей кетүү маанилүү.
Өз кезегинде өлкө Өкмөтү жүргүзүп жаткан саясатынын натыйжалуулугун, ачык-айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. Бул күн тартибин түзүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин ролу чоң, анткени сиздер улуттук саясатты жүргүзүүчү болуп саналасыздар. Албетте, экономикалык жана социалдык кайра түзүүлөр көңүл борборунда болушу керек.
Силер мындан ары карай да берилип иштеп, алдыдагы милдеттерди таасирдүү чечип, өлкөбүздү өнүктүрүүгө жана анын жарандары үчүн бардыгын жасайсыздар деп ишенем. Кыргызстандын социалдык-экономикалык гүлдөп-өсүүсү үчүн дагы көп иштерди жасоо керек. Бул өңүттөн алганда бардык багыттарда экономикалык өсүшкө, туруктуулукка жана бекемдөөгө арналган кыймыл-аракеттерди улантуу зарыл.
Баарыңарга бекем ден соолук, жакшылык, бакубатчылык жана бардык башталыштарда ийгиликтерди каалайм!».
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү