30

Июнь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Манас» аэропортуна JICA агенттигинин атынан жабдууларды берүү салтанатына катышты

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 29-июнда, япониялык эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) атынан «Манас» аэропортуна жабдууларды тапшыруу расмий салтанатына катышты.

Премьер-министр Япония Өкмөтүнө жана JICAга өлкөгө көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бул долбоордун алкагында алынган техника жана жабдуулар учуулардын коопсуздугун камсыздоону жана «Манас» аэропортунун кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууну шарттай турганын белгиледи.

«Учурда Япония Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам транспорттук секторду гана эмес, өлкө экономикасынын дээрлик бардык тармактарын: саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба жааттарын да камтыйт. Япония Өкмөтүнүн кайтарымсыз жардамы аркасында биз заманбап навигациялык жабдууларды алдык. Эми «Манас» аэропорту көрүнүүнүн төмөнкү шарттарында учуулардын жогорку коопсуздугуна кепилдик бере алат», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, техникалык жакшы жабдылган «Манас» аэропорту өлкөдө ири авиациялык хабды түзүүнүн негизи болот.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле «Манас» аэропорту чет элдик авиакомпаниялар үчүн чындап ыңгайлуу жана жагымдуу өнөктөш болушу үчүн өлкөнүн аба дарбазаларын башкаруу принциптерин реформалоо боюнча Өкмөттүн пландары тууралуу айтып берди.

«Потенциялы кеңири болгон «Манас» аэропорту өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуусу керек. Ал заманбап жана ыңгайлуу болушу зарыл, анткени өлкөгө келген чет элдик меймандардын алгачкы пикирлери дал ушул жерден калыптанат», - басым жасады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен JICAнын ортосундагы Гранттык келишимдин негизинде  «Манас» эл аралык аэропортуна жаңы аэронавигациялык жабдуулар жана атайын аэродромдук техника берилди.

[su_carousel source="media: 119325,119326,119327,119328,119329,119330,119331,119332,119333" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү