25

Январь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев миграция чөйрөсүнүн актуалдуу маселелерине кеңири токтолду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн миграция тармагындагы учурдагы абал талкууланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынын жүрүшүндө анын актуалдуу маселелерине токтолду.

Өкмөт башчы бул маселенин  маанилүүгүн өзгөчө белгилеп, БУУ маалыматына ылайык, бүгүнкү күнү дүйнө жүзү боюнча мигранттардын саны 260 млн адамды түзөрүн билдирди.

«Бул дүйнө өлкөлөрүнө жана анын ичинде Кыргызстанга таасирин тийгизген табигый процесс болуп саналат. Миграция кадимкидей эле көрүнүшкө айланды, бирок өз кезегинде биздин жарандарыбыз эмгек мигранты катары көбүрөөк сыртка чыгып жаткандыгы тынчтандырбай койбойт», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, миграциянын актуалдуу маселелерине төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот: миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу, эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, келип жаткан чет өлкөлүк жарандар тарабынан мыйзамдардын сакталышын камсыздоо жана тышкы миграция жаатында иштеген мамлекеттик органдарынын жоопкерчилигин белгилөө.

Өкмөт башчы ошондой эле бул маселе боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуулугу үчүн миграциялык чөйрөнү санариптештирүүнүн өзгөчө маанисин баса көрсөттү.

«Учурдагы кырдаал көрсөтүп тургандай, УКМК, ИИМ, ТИМ, ММК, МЧК жана ММК сыяктуу мамлекеттик органдар талаптагыдай иштебесе, миграция чөйрөсүндөгү проблемаларды чечүүгө кыйын болот. Бүгүнкү күнү аталган мамлекеттик органдардын миграциянын көп маселелери боюнча бирдиктүү системалуу иш жок», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга байланыштуу Премьер-министр белгилегендей, “Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы” аркылуу өз ара системалуу аракеттешүүнү жакшыртуу зарыл жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринен тутумга толук кошулууну талап кылды.

Мындан тышкары миграциялык процесстерди жөнгө салуу максатында мамлекеттин улуттук коопсуздугун күчтөндүрүү, миграция чөйрөсүндөгү учурдагы абал жөнүндө объективдүү маалымат берүү жана мигранттардын балдарына көмөктөшүү жана колдоо зарылдыгы тууралуу айтылды.

Тартылган министрликтердин жана ведомстволордун талкууларынын соңунда  тийиштүү тапшырмалар берилди.

[su_carousel source="media: 128559,128558,128573,128546,128591" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү