02

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милиция кызматкери Марат Султаналиевге дарыланууга материалдык жардам көрсөтүүнү буйруду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору Марат Султаналиевге дарыланууга материалдык жардам көрсөтүүнү буйруду. Мындан тышкары, Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-октябрында орун алган инспекторду унаа менен коюп кеткен кырсыкты тыкыр жана обьективдүү иликтеп чыгуу тапшырмасын берди. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкери Марат Султаналиев жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүлөрдү алар тарапка келе жаткан унаадан коопсуздандырам деп аракеттенүүдө кызматтык милдеттерин аткарууда жабыркаган.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү