01
Ноябрь
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын милиция күнү менен куттуктады.
Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:«Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын бардыгыңыздарды кесип майрамыңыздар – Милиция күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары калыптануунун жана өнүгүүнүн узак жана кыйын жолун басып өттү. Мыкты күжүрмөн салтка ээ болуп, мыйзамдуулукту жана жарандардын конституциялык укуктарын камсыздоо жаатындагы мамлекеттин маанилүү институту катары ички иштер органдары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн калыптандырууга татыктуу салымын кошту.
Милиция кызматкеринин иши – бул кыйла оор, ар бириңиздердин саламаттыгыңыздар жана өмүрүңүздөр үчүн кооптуу эмгек. Бирок ошону менен бирге бул жакшы иш жана жооптуу кызмат, ал эң ириде өлкөдө коомдук тартипти жана тынчтыкты сактоого багытталган. Күн сайын жарандарды коргоп, алардын тынч жашоого укуктарын камсыздоо аркылуу сиздер коомдо сый-урматка жана ишенимге татып келесиздер.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери ар дайым мекенчилдиги жана чыдамкайлыгы, эрдиги жана жогорку адискөйлүгү менен айырмаланып келген. Бул өзгөчө сапаттарды силер адамдардын жыргалы үчүн арналган ары татаал ишиңер менен көрсөтүп келесиңер.
Сиздерге жана жакындарыңыздарга чын дилимден бакубат жашоо, оңой эмес кызматыңыздарга ийгилик, бекем ден соолук жана узак өмүр каалайм!».
[su_carousel source="media: 123578" link="attachment" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү