05

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 5-октябрда, мугалимдерди кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу агайлар, эжейлер жана билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Мугалимдик кесип – кылымдарды карыткан кесип. Аны аркалаган адамдар – түгөнгүс чыдамкайлыгы жана акылмандыгы менен өзгөчөлөнгөн коомдун интеллектуалдык бөлүгү. Адамдын өнүгүшү жана анын потенциалы мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы болуп келген. Азыр да бул өңүттө, мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүүнү комплекстүү модернизациялоонун программасы ийгиликтүү ишке ашырылып жатат, жаңы инновациялык технологиялар киргизилүүдө, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасы жакшыртылууда жана билим берүүнүн сапаты жогорулап, билим берүү кызматкерлерин социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Азыркы учурда Кыргызстан боюнча 114 миңден ашуун мугалимдер жана окутуучулар эмгектенет. Экономиканы дүйнөлүк глобалдаштыруунун шарттарында өлкөнүн тиричилигинин бардык тармагына терең билимдүү, жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кадрлар талап кылынат. Билимдүү адам – коомдун өнүгүүсүнүн негизи, ал эми интеллект – экономиканын башкы ресурсу! Мамлекеттин чыныгы ээси боло турган муунду тарбиялоодо билим берүү системасынын кызматкерлеринин ролу чоң. Бул милдетти жогорку жоопкерчилик менен аткарып жаткан өлкөнүн бардык мугалимдерине, окутуучуларына, билим берүү кызматкерлерине алкышыбызды билдиребиз. Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, жаратмандык жана бакубаттык каалайбыз!». [su_carousel source="media: 123578" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү