17

Июнь

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Мюнхен» аэропортунун делегациясы менен кызматташтыкты талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Мюнхен» эл аралык аэропортунун башкаруучу директору Ральф Гаффал баштаган делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аэропорттук инфратүзүмдөрүн жана аба ташууларын өнүктүрүү тармагында кызматташуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчынын айтымында, республиканын транспорттук логистикасын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүн көбөйтүү боюнча максаттарга жетүү, ошондой эле учуулардын коопсуздугун камсыздоо авиация тармагын өнүктүрүү жаатындагы артыкчылыктуу иш багыттары болуп саналат.

Ошону менен бирге туризмди өнүктүрүү жана өлкө аймагы аркылуу учуулардын географиясын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасы бир жактуу тартипте бардык каалоочу авиакомпанияларга «Бешинчи даражадагы аба эркиндиги» укугун берди.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күнү Өкмөт эл аралык финансы институттары менен биргеликте «Манас» Эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун аэропортторун өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке киргизүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө.

Башкаруучу директор Ральф Гаффал баса көрсөткөндөй, «Мюнхен» эл аралык аэропорту «Манас» аэропортунун инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча долбоорду биргелешип ишке ашырууга, аны менен катар Кыргыз Республикасынын эл аралык мейкиндиктеги оң имиджин илгерилетүүгө кызыкдар.

Анын айтымында, «Манас» аэропортунун географиялык жайгашуу жана инфратүзүмдүк артыкчылыктарынын аркасында биздин өлкөнүн туризм жана ишкерликти өнүктүрүү потенциалы чоң.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Манас» Эл аралык аэропорту» ААК жана «Мюнхен» эл аралык аэропортунун ортосунда аэропортту Борбор Азиядагы кубаттуу аба транспорттук түйүнүнө айлантуу максатында сүйлөшүүлөрдү активдештирүү жана кызматташуунун оптималдуу багыттарын табуу тууралуу макулдашылды.

Маалымдама: «Мюнхен» эл аралык аэропорту Германиядагы жүргүнчүлөрдү тейлөө саны боюнча Франкфурт-на-Майне аэропортунан кийинки экинчи жана аэропорттун жүктөмү боюнча Европадагы жетинчи аба майданы болуп саналат.

2018-жылы аэропорт 46,3 млн жүргүнчүнү тейлеген. Аэропорт дүйнөдөгү эң көп сандагы – 264 багытка каттайт жана «Lufthansa» немец улуттук компаниясы үчүн негиз болуп саналат.

[su_carousel source="media: 134257,134258,134259" limit="16" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү