07
Июль
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өнүгүү түйүндөрү эсептелген 20 шаарды өнүктүрүү Программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу өлкөнүн экономикалык багытындагы реформалардын башаты болот
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында өткөн Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынына катышты.
Өкмөт башчы белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү - жакынкы бир нече жылдарга карата мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.
«Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков Премьер-министр катары иштеп жаткан кезинде 2018-2022-жылдарга карата Аймактык саясат Концепциясын бекиткен, ал эми Мамлекет башчы катары ал 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Белгиленген программалык документтердин алкагында аймактарды өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү багыттары аныкталды», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Ал белгилегендей, багыттар жарандардын жетиштүүлүгүн жогорулатууга жана жашоо шарттарын, демографиялык, көрсөткүчтөрдү, экономикалык жана экологиялык өнүгүүнү жакшыртууга максатталган.
«Биздин алдыбызда өнүгүү түйүндөрүнө таянуу аркылуу аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүүнү камсыздоо милдети турат. Башкы максат - географиялык жайгашуусуна жана климаттык шарттарына карабастан, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү бардык аймактарга жеткиликтүү болушу шарт. Өнүгүү түйүндөрү эсептелген 20 шаарды өнүктүрүү Программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу өлкөнүн экономикалык багытындагы реформалардын башаты болот», - деп баса көрсөттү Премьер-министр.
Анын айтымында, бүгүн Ысык-Көл облусунун жана Каракол шаарынын жетекчилиги бизнес коомчулук менен биргеликте аймактарды өнүктүрүү Программасын сунуштап жатышат. Өкмөт бул демилгени колдоого даяр.
«Жаратылыштык-климаттык шарттар боюнча Ысык-Көл облусунун таяныч кластери туризм болуп саналат. Каракол шаары үчүн - туризм тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу артыкчылыктуу багыт. Буга байланыштуу туристтик кызматтарды көрсөтүү деңгээлин, инфраструктураларды жана коммуникацияларды жогорулатуу зарыл. Ошону менен бирге аймактын айыл чарбасын өнүктүрүү потенциалы зор деп эсептейбиз» - деп белгиледи Өкмөт башчы жана ал экинчи деңгээлдеги таяныч түйүндөрүнүн максаты туризм тармагындагы ишканаларды айыл чарба продукциясынын тийиштүү көлөмү менен камсыздоо экенин кошумчалады.
«Бул багытта алдыда бир нече көчмө жыйын өткөрүлөт. Бул жолугушуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн талкуу аянтчаларын уюштурууда жакшы багыт көрсөттү деп ишенем. Аймактарды өнүктүрүү үчүн стратегиялык күн тартибин - аймактарды өнүктүрүүнүн каржылык булактарын аныктоо зарыл», - деп жыйынтыктады Премьер-министр.
[su_carousel source="media: 119722,119718,119719,119720,119721,119723,119724,119725,119726" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү