21

Сентябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамкомитетинин жаңы жетекчисинин алдына бир катар конкреттүү милдеттенмелерди койду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жамаатына жаңы төрага Эмил Осмонбетовду тааныштырды.

Өкмөт башчы атамекендик экономиканын өнүгүүсүндөгү ведомствонун маанилүү ролун белгилеп, анын жаңы жетекчиси астына бир катар конкреттүү милдеттенмелерди койду.

«Тоо кен тармагы өлкө экономикасына чоң салым кошууда. Ошондуктан тоо кен өндүрүшү жаатындагы олуттуу өзгөрүүлөрсүз экономиканын ырааттуу өнүгүүсүнө жетишүү мүмкүн эмес. Мен комитеттин жаңы жетекчисин жеке тааныштырууну жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү орду тууралуу эскертип кетүүнү туура көрдүм», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Биздин жарандар талапты катуу кое билишет жана карапайым калктын кызыкчылыктарына дал келбеген кемчиликтер менен чечимдерди так көрсөтө алышат. Бизде ушундай ачык тутум түзүлүп калган. Бул абдан оңтойлуу тажрыйба. Биз ар дайым ачык иштөөгө аракеттенебиз. Бул жерде дагы ушундай тажрыйбаны киргизүүгө тийишпиз», - деди ал.

Өкмөт башчы кен пайдалануу укуктарын лицензиялоо, алтын казуу фабрикаларынын жоктугунан кендерди ташып чыгаруу маселелерине айрыкча токтолуп, бул тармакта тартип орнотуу зарылдыгын ырастады.

«2700дөн ашуун лицензия берилген. Иш жүзүндө канча объектиде иштер жүрүп жатат? Калган лицензиялардын бардыгы кимдин колунда? Алар кимге жана кандайча берилген? Муну иликтеп чыгып, кендерди геологиялык чалгындоо жана иштетүү лицензияларын инвентаризациялоону ыкчам түрдө ирээтке келтирүү кажет. Биздин улуттук байлыктарыбыз элдин жана мамлекеттин кызыкчылыктарында пайдаланылышы зарыл. Дал ушул көйгөйлөрдөн улам коомдо бийликке нааразычылыктар айтылууда. Лицензияларды үчүнчү жактарга берүү тажрыйбасын токтотуу керек. Лицензияларды берүү процедурасына болгон мамиленин өзүн өзгөртүү зарыл. Инвесторлордун да, мамлекеттик органдардын да милдеттерин так жазып, алардын аткарылышына жетишүү керек», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр энергетика жана өнөр жай тармактарындагы бир катар маанилүү милдеттерди белгиледи жана комитеттин кызматкерлерин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнү шарттаган олуттуу жылыштарга жетишүү үчүн толук берилүү менен иштөөгө чакырды.

[su_carousel source="media: 122813,122809,122810,122811,122812,122814,122815" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 122400,122401,122402,122403,122404,122405,122406,122407,122408" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү