09
Июнь
ФОТОРЕПОРТАЖ - Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусуна барды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусуна жумушчу сапар менен барды.
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Ара-Көл айылындагы жаңы мектептин курулушуна капсула салуу салтанатына катышып, Кочкор районунун Кочкор айылындагы сүт заводунун жана Нарын районунун Жан-Булак айылындагы "Жийде-Бак" үрөн чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мындан тышкары ал Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алды.
Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарынын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери үчүн турак жайдын курулушун көрүп чыгып, ошондой эле Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын терапия бөлүмүнүн абалы жана Ат-Башы ГЭСинин иши менен жеринде таанышты.
[su_carousel source="media: 118267,118268,118269,118270,118271,118272,118273,118274,118275,118276,118277,118278,118279,118280,118281,118282,118283,118284,118285,118286,118287,118288,118289,118290,118291,118292,118293,118294,118295,118296,118297,118298,118299,118300,118301,118302,118303,118304,118305,118306,118307,118308" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү