21

Сентябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-сентябрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарынын 150 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышат.

Анын ичинде Өкмөт башчы М.Рыскулов атындагы музыкалык-драма театрындагы салтанаттык иш-чарага, ошондой эле шаардын маарекесине арналган «Нукура» фестивалына барат.

Мындан тышкары Премьер-министр Нарын шаарындагы жаңы сүт иштетүү заводу курулуучу жер менен таанышат.

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү