09

Июнь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарынын ӨКМ кызматкерлери үчүн турак-жайды өз мөөнөтүндө пайдаланууга берүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 8-июнда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери үчүн каралган 24 квартиралуу турак-жайдын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун маалыматы боюнча, курулуш иштери 2017-жылдын июнь айында башталган. Учурда иштер 70 %га жыйынтыкталган, канализациялык түтүктөрдү, жылытуу жана электр тутумун орнотуу иштери аткарылууда.

Өкмөт башчы белгилегендей, акыркы кездерде өлкө жетекчилиги укук коргоо органдарынын, куралдуу күчтөрдүн жана өзгөчө кырдаалдар тармагынын кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо маселесине өзгөчө көңүл бурууда.

Премьер-министр аталган турак-жайды мурда белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облустук бириккен ооруканасынын терапия бөлүмүнүн абалы менен таанышты. Имарат 1980-жылы ишке берилген жана эки кабаттан турат.

Бүгүнкү күндө медициналык мекеменин имараты реконструкциялоого муктаж.

Өкмөт башчы Финансы министрлигине жана Саламаттык сактоо министрлигине аталган объекттин муктаждыгы үчүн каржылоо булактары боюнча ыкчам тартипте сунуш киргизүүнү тапшырды.

 [su_carousel source="media: 118234,118235,118236,118237" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү