03

Декабрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы кырсыктын кесепеттерин жоюу жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү боюнча иштин так көзөмөлгө алынышын камсыздоону тап

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменини жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында орун алган жер көчкүнүн натыйжасында ички жолдор жабылып, суу чарба обьектилери талкаланган.

«Ошол эле күнү ӨКМ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп, келтирилген зыянды баалоо жүргүзүлгөн. Учурда жолдун бир тарабы ачылып, ичүүчү суу жеткирүүгө атайы транспорт дайындалган. Суу инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча иштер улантылууда, алар бир жума ичинде жыйынтыкталмакчы», - деп маалымдады Калыс Ахматов.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү катуу шамалдын кесепетинен Ысык-Көл облусунда 122 үйдүн жана 22 социалдык объектинин чатыры бузулган. Анын маалыматы боюнча, Жети-Өгүз районунан жабыркагандардын саны көп, облус боюнча жалпы зыян 14,3 млн сомду түзөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев маалыматты угуп чыгып, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу жана жапа чеккен адамдарга жардам көрсөтүү боюнча кырсыктан жабыркаган райондорго барууну тапшырды.

Өкмөт башчы ырастагандай, келтирилген зыянды баалоо жана кырсыктын кесепетин четтетүү боюнча уюшкан жана ыкчам иштерди камсыздоо зарыл.

[su_carousel source="media: 126507,126506,126508" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү