24

Декабрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооган-аскерлерине арналган эстеликтин ачылыш салтанатына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кара-Балта шаарында ооган-аскерлерине арналган эстеликтин ачылыш салтанатына катышты.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн Өкмөт башчы белгилегендей, ооганчылардын бирикмелеринин күчү менен тургузулган эстеликтин ачылышы Ооганстандагы согуштун катышуучуларынын мезгил сынынан өткөн бекем аскердик боордоштугун күбөлөндүрөт.

Премьер-министр эске салгандай, ал өзү 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушту башынан кечирген фронтовиктин уулу болуп саналат.

«Бардыгыңыздарды эстеликтин ачылышы менен куттуктайм. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү келерки жылы белгилене турган, Ооганстандан советтик чектелген аскер контингентинин чыгарылышынын 30 жылдыгын татыктуу белгилөөгө бардык күч-аракетин жумшай турганына ишендирип кетким келет. Биз бул согуштун ардагерлерине кам көрүүнү уланта беребиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

[su_carousel source="media: 127337,127334,127335,127336,127338" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү