08

Май

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарында жашаган Гаваз Мингараев жана Ош шаарынын тургуну Муктар Нургазиев аттуу 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды. Премьер-министр ардагерлерди алдыда келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, аларга Өкмөттүн жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирди. «Сиздер жасаган эрдик өлбөйт. Ал кылымдар бою элдин эсинде жашай берет. Сиздердин кайратмандыгыңарды, баатырлыгыңарды баалоо, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине ар тараптуу жардам көрсөтүү- биздин ыйык милдетибиз болуп саналат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. Өкмөт башчы ардагерлерге чың ден соолук, узун өмүр каалап, материалдык көмөк көрсөттү. [su_carousel source="media: 116327,116328,116329,116330" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][su_carousel source="media: 116180,116181,116182,116183,116184,116185,116186,116187" limit="26" link="image" width="300" height="60" items="4" title="no" centered="no" arrows="no"][/su_carousel]

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү