21
Март
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарында Ноорузга арналган майрамдык иш-чарага катышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн Ноорузду майрамдоого арналган майрамдык иш-чарага катышты.
Өкмөт башчы өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чогулгандарды Нооруз майрамы менен куттуктады.
Премьер-министр баса белгилегендей, Нооруз майрамы күн менен түндүн тогошуусуна дал келип, табийгат ойгонуп, кыргыз элинин нускалуу каада-салттарына бай болуп саналат.
Ал сөзүндө белгилегендей, Өкмөт Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында коюлган милдеттерди аткаруу боюнча иштерди активдүү улантат.
«Өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында ар бир айыл-кыштактарыбыздан баштап өнүктүрүү жолунда, улуттар аралык биримдикти, ынтымактыкты чыңдоо, коомчулуктун маданий, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, руханий жан дүйнөсүн байытуу менен көөнөрбөс мурастарыбызды, элдик таланттарды жана элдин, өзгөчө жаштарыбыздын жашоо шартын жакшыртууга бардык колдон келген аракеттерди күчөтүү боюнча иш аракетибизди улантабыз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр ырастагандай, кылым карыткан карт тарыхында кыргыз эли башынан эмне деген оомал-төкмөл заманды өткөргөн жок.
«Манастын осуятында айтылгандай, элдин тынчтыгы, бүтүндүгү учурдагы эң маанилүү жагдай. Андыктан элди улутка, урууга бөлбөшүбүз керек. Бири-бирибизге жакшылык каалап, дилибизди тазартып, пейилибизди оңдоп, эпкиндүү эмгек, достук менен гана алга жылабыз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Премьер-министр ошондой эле өлкөнүн негизги, биринчи кезекте, эл аралык мейкиндикте республиканын аброюн, кадыр-баркын көтөрүүгө байланыштуу социалдык-экономикалык жыйынтыктары жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди.
«Бардык жарандарыбызга Өкмөттүн демилгелерин колдоолору үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Дагы бир сөзгө токтоло кетким келет. 2019-жыл Ош шаары – Ош жергеси үчүн – да жакшы жаңылык менен башталды. Эл аралык өтө абройлуу Түрксой уюму тарабынан ордолуу Ош шаарыбыз – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. 3000 жылдык тарыхы бар байыркы Ош шаарын жана көөнө маданиятыбызды жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү милдети турат. Бул эки чоң иш-чараны мына сиздер менен чогуу ийгиликте, дүйнөгө дүңгүрөтө өткөрөбүз деп ишенебиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы белгилегендей, байыркы Нооруз баарыбызды кечиримдүү, айкөл болууга чакырат.
«Бул майрамда ар бирибиз аруу тилектерди айтып, алдыбызга асыл максаттарды коёбуз. Аларды ишке ашыруу үчүн эң башкысы – өлкөдө туруктуулук, элибиздин достугунун бекемдиги, бири-бирибизге болгон ишеничибиз күчтүү болушу зарыл. Өзүбүздү өзүбүз урматтап-сыйлап, кечиримдүү болушубуз керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Ал белгилегендей, жаңылануунун жарчысы Нооруздун келиши менен жергебиз көрктөнүп, элибиз шаңданып жакшы тилектер менен тосуу биздин көп улуттуу республикабыздын салтына айланган.
«Бүгүнкүдөй улуу майрамдарды жалпы элдик майрам катары белгилөө элибиздин ынтымактыгын тереңдетип, достугун чыңдоодо зор өбөлгө түзөт деп ишенем. Эң башкысы биримдикти чыңдап, адеп менен ыйманыбызды бекемдеп, мамлекетибизди ыйык сактап, рухий дөөлөттөрүбүздү, каада-салттарыбызды кийинки муундарга бөксөртпөй улуу мурас катары өткөрүүбүз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы республиканын элине тынчтык жана ынтымак каалады.
Майрамга арналган иш-чаралардын алкагында Өкмөт башчы майрамдык концертке күбө болуп, Ош шаарындагы майрамдык жарманкеге барды.
[su_carousel source="media: 130664,130670,130643,130644,130645,130646,130647,130658,130659,130648,130669,130668,130657,130667,130656,130666,130655,130654,130665,130653,130663,130652,130651,130662,130661,130660,130649,130650" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү