27

Декабрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы жаңы жылдык балатыга катышат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 27-декабрда Ош шаарына жумуш сапарынын жүрүшүндө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы балдардын жаңы жылдык балатысына катышат. Иш-чара С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын имаратында өтөт.

Мындан тышкары Өкмөт башчы №12 көмөк көрсөтүү мектебинин, ошондой эле кыймыл таяныч тутумундагыт мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунун тарбиялануучуларын Жаңы жылы менен куттуктайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү