07

Февраль

2019

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынына катышты, анда 2018-жылы Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары талкууланып, 2019-жылга карата милдеттер белгиленди.

Өкмөт башчы белгилегендей, экинчи борбор болуп саналган Ош шаары жалпы өлкөнүн өнүгүшүндө социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мааниге ээ.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында аймактарды комплекстүү өнүктүрүү иштерин улантуу зарыл. Бул Ош шаарына да тиешелүү. Инвестицияларды тартуу, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана жумуш орундарын түзүү, социалдык жана инфраструктуралык объекттерди куруу сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл буруу керек. Мурда Ош шаары ири өнөр жай борбору болуп саналып, анда бир катар ири ишканалар иштеп келген. Кийинчерээк ишканалардын көбү менчиктештирилип жана иштебей токтоп калган. Муну эске алуу менен Ош шаарынын өндүрүштүк потенциалын сактоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр аймактарда, анын ичинде Ош шаары сыяктуу туристтик потенциалы зор шаарларда туризмди өнүктүрүү зарылдыгына айрыкча көңүл бурду.

«Ош шаарынын тарыхы өзгөчө жана бай, кайталангыс колорити жана жагымдуулугу бар. Мындан улам Ош шаары 2019-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланды. Албетте, бул чечим туристтерди көбөйтүүгө шарт түзөт.  Муну менен катар туризмди өнүктүрүү үчүн белгилүү бир күч-аракеттерди жумшоо керек. Кеп логистика, зарыл инфраструктураларды куруу, мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо тууралуу болуп жатат. Ош шаарында туризмди ырааттуу өнүктүрүү үчүн вице-мэрлердин ичинен жооптуу адамды дайындоо зарыл, ал туризмди өнүктүрүү маселелерин көзөмөлдөп, келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечип турат», - деп баса белгиледи ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, учурда Бишкек жана Ош шаарларында курулуш динамикалуу түрдө өнүгүп жатат.

«Буга карабастан, Ош шаары турак жай жана коммерциялык фонддорду массалык курууда башка шаарлар кетирген кемчилдиктерден алыс болууга тийиш. Ал өзүнүн кайталангыс көрүнүшүн жана өзүнчөлүгүн сактап калышы керек. Муну эске алуу менен шаар бийлиги жакынкы убактарда Ош шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу иштерин аяктоосу кажет. Ош шаарынын Башкы планы бекитилсе, ар бир тургунга анын шаары канча жылдан кийин кандай өзгөрөрүн көрүү жана курулуш чөйрөсүндө шаардын жакшы жерлери карапайым жарандардын кызыкчылыгына каршы коммерциялык курууларга сатылган коррупциялык тобокелдиктерди жоюу мүмкүнчүлүгү түзүлөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйын соңунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, күнүмдүк иште маселелерди маанилүү жана маанисиз деп бөлүүгө болбойт жана ал муниципалитеттин ар бир кызматкерин Ош шаары ар дайым кооз, коопсуз, ыңгайлуу жана меймандос бойдон калышы үчүн ак ниет жана чынчыл иштөөгө чакырды.

[su_carousel source="media: 129073,129074,129075,129076,129077,129078,129079,129080" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү