21
Март
2019
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарынын стадионун реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондун 2019-жылы Ош шаарынын түрк дүйнөсүнүн борбору катары жарыяланышынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын текшерди.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин маалыматы боюнча, стадионду реконструкциялоо жергиликтүү ишкерлердин колдоосунда жүрүп жатат.
Учурда стадиондун фасаддык бөлүгү реконструкцияланды, ошондой эле трибуна, чуркоо тилкеси жана башка инфраструктурасы модернизацияланат.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү учурунда стадиондо сахна орнотулмакчы.
Өкмөт башчы бардык курулуш иштерин тиешелүү түрдө аткаруу зарылдыгын көрсөттү.
Ал баса белгилегендей, стадионду реконструкциялоону аяктоого республикалык бюджеттен кошумча каржылоо бөлүштүрүү маселеси чечилет.
[su_carousel source="media: 130618,130619,130620,130621,130622,130623,130624" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү