15

Октябрь

2018

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент депутаттары жана Өкмөт мүчөлөрү арасындагы мини-футбол боюнча турнирге барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн Футбол федерациясынын футбол борборунда өткөн Кыргыз Республикасынын депутаттары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү арасындагы мини-футбол боюнча матчка барды.

Парламенттин демилеси боюнча уюштурулган турнирдин катышуучулары менен жолугушууда Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Футбол боюнча улуттук федерациянын республикада футболду жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча күч-аракетин, ошондой эле акыркы мезгилде дүйнөлүк жана азиялык рейтингде бир топ ийгиликтерди багындырган улуттук курама команданын жетишкендиктерин белгиледи.

«Биз сиздердин жасаган ишиңиздердин жыйынтыгын көрүп жатабыз – өлкө боюнча, шаарларда жана айылдарда футбол аянтчалары пайда болуп, футболго карата балдардын жана жаштардын кызыгуусу жогорулоодо. Бул сыяктуу иш-чаралар жана турнирлер өлкөдө сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга жана массалык спортту өнүктүрүүгө чоң салымын кошууда. Бүгүнкү турнир анын катышуучулары ортосундагы достукту чыңдоого, өлкөнүн жана анын жарандарынын бакубаттуулугу үчүн бийликтин ар кыл бутактарынын биргелешип иш алып баруусун жакшыртууга багытталган», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Жогорку Кеңеш менен Кыргыз Республикасынын командаларынын ортосундагы мелдешке катышты жана турнирдин соңунда анын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына кубокторду жана медалдарды тапшырды.

Андан соң Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Джумабеков, ошондой эле парламенттин депутаттары футбол Федерациясынын жетекчилиги менен футбол инфраструктурасын өнүктүрүү жана спорттук объектилерди өнүктүрүү пландарын талкуулашты. Анын ичинде стадиондун жана футбол машыктыруу базаларынын курулуш долбоорлору сунушталды.

Өкмөт башчы кызыкдар мамлекеттик органдарга сунушталган долбоорлорду тыкыр изилдеп чыгууну жана футбол Федерациясына өлкөдө футбол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча пландарды ишке ашырууда жардам көрсөтүүнү тапшырды.

[su_carousel source="media: 124372,124373,124374,124375,124376,124377,124378" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү